Коом

Кыргыз журналистикасы чоң жоготууга учурады

Кыргыз журналистикасында “Асаба”, “Агым”,  “Баягы Асаба” гезиттеринде иштеген Эрнис АСЕК уулу бүгүн мезгилсиз  дүйнө салды.

Журналистиканын айдыңында курч макалаларды таамай жазган,  “Агым”,  “Асаба”,  “Баягы Асаба” гезиттеринин түптөлүшүнө салым кошкон, Кыргызстандагы бир нече ЖМКларда эмгектенген Эрнис Асек уулу  50 жашка толуп-толбой, бул жарыкчылык менен коштошту.

Эрнистин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз…

Эрнис Асек уулунун акыркы сапарга узатуу зыйнаты кичинекей мекени Ат-Башы райоунун Кызыл-Туу айылында болот.

Эскерте кетсек, Эрнис Асек уулу  атактуу журналист, маркум Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button