Коом

Жылдыз Мусабекова ЖК депутаты: «Көз жумдум. Чарчадым, коё бердим. Күрөшкүм келбеди…»

ЖК депутаты Жылдыз Мусабекова социалдык тармактагы Фейсбук баракчасына жан дүнөсүнөн чыккан ачуу чындыкты жазып, коомчулукка жарыялады. Ал:

«… Канткенде кубанасыңар. Билбейм, жамандыктарым көп болгондобу? Ансыз деле баарыңардын эң жаманы менмин деп мойнума алам го. Ага да алымсынбайсыңар? Уу тилиңер аз келгенсип, ордолуу журтума да кол саласыңар. Оюңардан чыгарган жомоктор менен? Кантем? Кантесиңер? Канткенде оңолосуңар? Бирөөнүн эмес өз турмушуңарды сапка тизгиле десем болбойсуңар…
… Турмушта оңой жол баскан жокмун. Таттуусунан ачуусу, кубанчынан кайгысы көп болду. Бузуку адамдарга, ийгиликсиз, жатып ичээр, жалкоо, маңыроо, ушакчы эркектерге теңелбедим, артыңан сүйлөп тим калат экен, а үй бузганга адистешкен кыз, кыркын чыны жаныңды жейт тура. Андайлар көп болду. Көз жумдум. Чарчадым, кое бердим. Күрөшкүм келбеди. Эл сөзүнөн да өзүмдүн жан дүйнөм төөлүк өйдө экен. Жаман сөзгө жабыркабасын дедим…
… Силер таттуу тамактарды жеп, балмуздакка балкысаңар, мен жеген туздар жүрөктүн толтосунда тоо-таштай уюду. Куюн, бороон, шамал кан тамырларымда улуганы улуган.
… Беш жыл ичинде өз туугандарымдан атаман, бир боорлоруман, чоң апа, таята, таэне, жети сөөктү кучактап өксүдүм, ак кепиндеп узаттым. Ачка, ток минуттарымды эч кимге айтпадым. Мен жылаңайлак мык үстүндө баскан көпүрөлөр силер баскан даңгыр жолдон көбүрөөк болду окшойт.
… … Канткенде кубанасыңар. Билбейм, жамандыктарым көп болгондобу? Ансыз деле баарыңардын эң жаманы менмин деп мойнума алам го. Ага да алымсынбайсыңар? Уу тилиңер аз келгенсип, ордолуу журтума да кол саласыңар. Оюңардан чыгарган жомоктор менен? Кантем? Кантесиңер? Канткенде оңолосуңар? Бирөөнүн эмес өз турмушуңарды сапка тизгиле десем болбойсуңар…
… Турмушта оңой жол баскан жокмун. Таттуусунан ачуусу, кубанчынан кайгысы көп болду. Бузуку адамдарга, ийгиликсиз, жатып ичээр, жалкоо, маңыроо, ушакчы эркектерге теңелбедим, артыңан сүйлөп тим калат экен, а үй бузганга адистешкен кыз, кыркын чыны жаныңды жейт тура. Андайлар көп болду. Көз жумдум. Чарчадым, кое бердим. Күрөшкүм келбеди. Эл сөзүнөн да өзүмдүн жан дүйнөм төөлүк өйдө экен. Жаман сөзгө жабыркабасын дедим…
… Силер таттуу тамактарды жеп, балмуздакка балкысаңар, мен жеген туздар жүрөктүн толтосунда тоо-таштай уюду. Куюн, бороон, шамал кан тамырларымда улуганы улуган.
… Беш жыл ичинде өз туугандарымдан атаман, бир боорлоруман, чоң апа, таята, таэне, жети сөөктү кучактап өксүдүм, ак кепиндеп узаттым. Ачка, ток минуттарымды эч кимге айтпадым. Мен жылаңайлак мык үстүндө баскан көпүрөлөр силер баскан даңгыр жолдон көбүрөөк болду окшойт.
… Суранбадым, тиленбедим, ыйлабадым, балдарым деп эч кимге жамандык кылбадым.
… «Балдары бактылуу болсун деген эне ар дайым жылмайып жүрөт» дегенди туу тутуп жайдары маанайда жаркылдайм го чиркин!
… Неге мынча таш боорсуңар???
… Бурч, бурчта МЕНи талкуулабай ӨЗҮңөрдү өзгөрткөнгө, МЕНдей болгонго умтулгула! Азыр да кеч эмес! .
… «Балдары бактылуу болсун деген эне ар дайым жылмайып жүрөт» дегенди туу тутуп жайдары маанайда жаркылдайм го чиркин!
… Неге мынча таш боорсуңар???
… Бурч, бурчта МЕНи талкуулабай ӨЗҮңөрдү өзгөрткөнгө, МЕНдей болгонго умтулгула! Азыр да кеч эмес!»- деп жазды.

Жылдыз айымдын бул жазгандары коомчулукта жылуу пикир жаратты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button