Өспүрүмгө кол салган балык, баланын моюнуна сайылып калды (фото)

Жакында эле, январь айынын ортосунда Индонезияда жашаган 16 жаштагы Мухаммед Идул балык уулаганы барып, аз жерден бир ажалдан калды.
Мухаммед барган сууда балыктын түрлөрү көп болгон. Балыктардын арасында сарган балыгы да улам суудан көтөрүлүп секирип, кайра чумкуп жаткан эле. Аңгыча сарган балыгы секирип келип, кайырмак илип турган Мухаммеддин так моюнун тешип сайылып, ошол боюнча чыгалбай калган.
Мындайды күтпөгөн өспүрүм кайыктан сууга кулап түшүп, кайра кайыкка жармашып чыгып, моюнун тешип, сайылып турган балыкты алып ыргытууга аракет жасаган. Бирок балыктун узун тумшугу баланын моюнуна бекем кыпчылып калгандыктан аны чыгаруу мүмкүн болгон эмес. “Балык да тыбырчылап, өспүрүмдүн моюнунан чыгып, сууга түшкүсү келди” дейт карап тургандар, бирок ал канчалык тыбырчылабасын мойнуна сайылган боюнча калган.
Мухаммед жанындагы досун жардамга чакырып кыйкырганы менен кан шорголоп агып, достору да эч кандай жардам бере алган эмес.
Балыкты өз алдынча чыгара албаган өспүрүмдөр жээкке келип үйүнө чуркашкан. Мухаммеддин моюнунда сайылып турган балыкты көргөн атасы дароо Бау-Бау шаарындагы ооруканага алып барган. Ооруканага жетүүчү жол бир жарым сааттык эле, Мухаммед 75 сантиметрлик балыкты колу менен кармап кыймылдатпай барган. Себеби, кыймылдаган сайын кан кете берген.

Ооруканада дарыгерлер Мухаммеддин мойнундагы балыктын денесин гана кесип алып, мойнундагы тумшугун чыгара албай башка ооруканага жиберишкен. Экинчи ооруканага барган өспүрүмдү көргөн дарыгерлер да таң калганын жашырышкан эмес. Анын моюнундагы балыктын тумшугун алып чыгаруу үчүн беш хирург чогуу операция жасашкан. Операция эки саатка чукул убакытты талап кылган. Ал эми бир ажалдан калган Мухаммед учурда ооруканада дарыланып жатат.
Сарган балыгы суудагы жырткыч балыктардын катарына кирет. Алар бир нерседен корксо же курсагы ачса болгон күчү менен барып тумшугу менен сүзөт. Индонезияда бул балык секирип сүзүп, адамды сайып өлтүргөн фактылар да кездешет. Анын тумшугу узун жана тиштери абдан курч болот.
Ал эми Мухаммед болсо бир ажалдан калса да баары бир балыкчылыкка болгон сүйүүсүн айтып, ооруканадан чыксам, кайра эле балык уулаганга чыгаарын билдирди. Саргандын ага кол салышына өзүн күнөөлүү деп эсептейт, себеби бул балык жарыкты жакшы көрбөйт экен.

Abal.kg