(Фото) Коронавирус жуктурган аялдын өпкөсүнүн сүрөтү жарыяланды

Кытайлык дарыгерлер 2019 nСоV коронавирусу менен азыркы күнгө чейин алп урушуп жаткан кез. Алар кечээ бул вирус жуккан оорулуунун өпкөсүнүн сүрөтүн жарыялашты.
Radiology журналына басылып чыккан сүрөт 33 жаштагы аялдын компьютердик томографияга түшкөнүнүн жыйынтыгында алынган. Коронавирусту жуктуруп алган бул аял дене табы 39 градуска чыгып, Кытайдын Ланьчжоу шаарынын ооруканасына жаткырылган.

Биринчи сүрөттө өпкөнүн тунарганы көрүнөт. Ал эми 3 күндөн кийин тартылган экинчи сүрөттөн өпкөнүн оорулуу чөйрөсү кеңейип жатканын байкоого болот.
Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын декабрь айынын аягында белгилүү болгон. Вирусту Кытайдан башка дагы 26 өлкөдө жуктуруп алган учурлар катталды.
3-февралга караган убакка карата жалпысынан 17 миң 368 киши белгисиз коронавирусту жуктуруп алган. Ал эми мындан улам каза болгондордун саны 362ге жеткен. Ошол эле учурда дарыланып, айыгып, ооруканадан чыккандардын саны 328ге жетиптир. Айыккандардын саны өлгөндөрдүн санынан арбып баратканы кубантат.
Abal.kg



