Дүйнө

Коронавирус. Кытайда акчаларды өрттөп, дезинфекция кыла башташты

Кытай бийлиги коронавирустан көп эл жабыркаган аймактардан чогулган акчаларды өрттөөнү чечти. Бул туурасында чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Акчалардын так саны аныкталган эмес. Банкноттор базардан, клиникалардан, коомдук транспорттон жана коронавирус кеңири тараган жерлерден чогултулганы айтылат. Чогулган акчаларды Гуанчжоуда жок кылышарын айтышкан.  Буга чейин Кытайдын борбордук банкы коммерциялык кредиттик уюмдарга оору жуккан райондон келген акчаларды өзүнчө сактоого көрсөтмө берген. Ал эми өрттөбөй турган банкнотторду дезинфекция кылышмай болушту. Акчаны атайын нурдун жардамы менен тазалап жана эки жумага атайын жайга карантинге алышарын айтышты.

Эскерте кетсек бүгүнкү күнгө карата коронавирус жуктуруп алгандардын саны Кытайда 74 миңден ашты, 2004 адам каза болсо, 14,4 миң адам айыкты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button