Үй ээлеринин макулдугусуз 900-1000 киши мыйзамсыз катталганы аныкталды

Ош
жана Каракол шаарларында апрель айында өтүүчү шаардык кеңештин депутаттарын
шайлоо алдында тургундарды туруктуу жашаган жери боюнча массалык каттоо
фактылары Прокуратура органдары тарабынан аныкталды. Бул тууралуу Башкы
прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Прокуратуранын маалыматына караганда, ушул жылдын январь
жана февраль айларында калкты паспорттоштуруу жана каттоо кызматтары тарабынан
Ош шаарында 35 895 жана Каракол шаарында 3159 адам каттоого алынган. Текшерүү
учурунда каттоо кызматынын айрым кызматкерлери үй ээсинин уруксаты же макулдугу
жок, ошондой эле мыйзамда көрсөтүлгөн тийиштүү документи жок эле кээ бир
адамдарды туруктуу жашаган жери боюнча каттоого алышканы белгилүү болду.
Ош шаарындагы жарандык абалдын актылары, калкты паспорттоштуруу жана каттоо
бөлүмүн текшерүү учурунда бир үйгө 700дөн ашуун, ал эми башка даректеги үйгө 1
миңден ашуун адам катталганы аныкталды. Бирок аталган үйлөрдө учурда эч ким
жашабайт.
Ал эми башка үйдө 900дөн ашуун адам катталып, бирок үй ээси ал жөнүндө билбей
турганын жана макулдук бербегенин айтты.
19-февралда Ош шаарындагы каттоо кызматынын кызматкерлеринин мыйзам бузуулары
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин
320-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүгүнүн
негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Ал эми Каракол шаарындагы калкты паспорттоштуруу жана каттоо кызматы тарабынан
билим берүү мекемесинин бош турган имаратынын дарегине 100дөн ашуун адам
катталганы аныкталды. Аталган факт 19-февралда Ысык-Көл облустук прокуратурасы
тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Кылмыштардын
жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери
жүрүүдө.
Учурда прокуратура органдары тарабынан «Миграция жөнүндө» мыйзамда көрсөтүлгөн
талаптардын жана калкты каттоо мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү иштери
уланууда. Анын жыйынтыктары тууралуу кийинчерээк маалымат берилет.
Abal.kg



