Пайдалуу кеңештер

Гречка. Онкологиялык оорунун алдын алат, арыктатат, жашоону узартат

Гречканын кандай пайдалуу жактарын врач диетолог Андрей Бобровский коомчулукка айтып берди.

Адистин айтымында  гречканы күнүмдү тамак-ашка  көбүрөөк пайдаланса  ашыкча салмактан арылып, онкологиялык оорулардын алдын алат. Ал организмдеги шлактардан  жана токсиндерден тазалайт.

Албетте, гречканын даамы көпчүлүккө жага бербейт. Бирок анын ден-соолукка пайдасы  канчалык чоң экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Адамдын жашы канчалык өйдөлөгөн сайын  гречка организмге ошончолук керек болот.

Гречканын сыры эмнеде? Бул азык  ичеги карындагы ар кандай азыктардан калган шлактардан тазалайт. Адам баласы көпчүлүк учурда ар кандай фастфуд же сапаты төмөн азыктарды жей беришет. Мындай учурда организмге шлактар топтоло берет.

Гречканын курамындагы клетчаткалар ичеги карынды ичкен тамак аштан тазалоо менен онкология дартын алдын алат.

Биринчи кезекте бул жоон ичеги онкологиясын алдын алат. Анткени дүйнө жүзүндө  бул дарт  2-3 орунда турат. Жоон ичегинин онкологиясын профилактикадан өткөрүү  биринчи кезекте клетчаткаларды колдонуу менен ишке ашат.  Ал  ичеги карында жабышып калган азыктарды тазалайт.

Гречка арыктагысы келгендерге да пайдасы  чоң. “Диеталык касиеттери” бул азыкта абдан көп болгондуктан, эффективдүү арыктоо жыйынтыгын чыгарат.

Андан тышкары гречканы дайыма колдонгон адамдарда узак жашоону да байкаса болот. Бул азык адамды ачка кылбайт, дайыма ток кармайт. Анын калориясы өтө төмөн же өтө жогору да эмес. Табитти тыюуда жана ачка болууда гречка жакшы жардамга келет деп эсептейт диетолог.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button