Кара-Сууда 2 кг баңгизат менен 30 жаштагы жаран кармалды

2024-жылдын 13-февраль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгына жаран “Д” шектүү зат алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 19-март күнү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынан Ысык-Көл облусунун 1994-жылы туулган тургуну Н.Д. шектүү катары кармалып, анын жанынан күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар, салмагы 2 кг. түзгөн белгисиз зат табылган. Аталган затты аныктоо үчүн тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, шектүүнүн жанынан табылган зат “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталган. Шектүү Н.Д. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат.



