Коом

Кыргызстанда коронавирус катталдыбы? Министрликтин жообу

Эки-үч күндөн бери телефонго  “Кыргызстанда коронавирус катталыптыр, бул дарт эки-үч күндүн ичинде адам өмүрүн алат, ал адам ооруканада жатат” деген аялдын үнү менен жазылган маалыматтар келип атат. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги жооп берди.

Кыргызстандын аймагында коронавирус катталган эмес. Мындай вируска кооптонуунун кажети жок экенин айтты Саламаттык сактоо министрлигинен. Мындай фейк билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырды.

Эскерте кетсек, КР ИИМ да жалган маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралганын жарыялаган эле. Коронавирус боюнча Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө да ар кандай фейк маалыматтар тарап жатканы белгилүү.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button