Спорт
Шоронун премьер лигасында ат салышчу командалар бекитилди

Кыргыз футбол союзунун Аткаруучу комитетинин кезексиз өткөрүлгөн жыйынында Шоро Премьер Лигасынын жаңы сезонунда катыша турган командалар бекитилди.
Кыргыз Республикасынын футбол боюнча чемпионатынын жаңы сезонунда 9 команда катышат. Алар: «Дордой», «Алай», «Алга», «Нефтчи», «Абдыш-Ата», «Илбирс», «Кара-Балта», «Лидер» жана «Каганат».
Ошондой эле, жыйында чемпионаттын регламенти бекитилип, эки этапта өтө турган болду. Биринчи этапта 9 команда алгачкы эки айлампада бири-бири менен ойношот. Экинчи этапта чемпионатта алдыңкы 4 команда финалдык баскычка чыгып, эки айлампада бири-бири менен ойнойт.
Abal.kg



