Кайсы курактан баштап машина айдаганга тыюу салынат?
Баарыбызга эле маалым болсо керек, автоунааны айдоого уруксаат көптөгөн мамлекеттерде 18 жаштан тартып берилээри. А Кыргызстанда 16 жаштан мотоцикл тепкеге, 17 жаштан жеңил машинаны башкарганга, 18 жаштан чоң габариттүү автоунааларды айдаганга уруксаат берилген. Бирок, көпчүлүктү кызыктырган дагы бир суроо бар – кайсы курактан баштап автомобиль айдоого тыюу салынат деген.
«Лента.ру» жазгандай, маселен Россиянын мыйзамдарында андай эреже каралган эмес. Андыктан, Россияда 18 жаштагы боз бала менен 100 жаштагы кары деле машина айдоого укуктуу. Кыргызстанда да автоунааны белгилүү бир куракка жеткенде айдаганга тыюу деген норма жок.
Бирок, автоунааны башкарган айдоочунун ден-соолугу чың болуш керек экенин эстен чыгарбоо абзел. Айрыкча машина айдап бараткан кишинин сезүү, туюу, угуу, көрүү органдарында маселе болбошу керек. Айрыкча псхихикасы бузулуп турган адамдын автомобиль башкаруусу өтө опурталдуу экенин унутпашыбыз зарыл. Россияда ден-соолукка байланышкан ушул жагдайларды көзөмөлдөп туруу үчүн «эки жыл эрежеси» («правило двух лет») деген бар. Ар бир эки жылда айдоочуну медициналык иликтөөдөн өткөрүп, ден-соолугу туралуу справка берип турушат. Мындай норма Кыргызстанда каралган эмес. Каралса, артыкбаш болбос эле.
Abal.kg