Коом

Арстан Алай: “Коронавирус диний фанаттарда жана техника өнүккөн өлкөдө көп болот”

Арстан Алай Дүйнө жүзү боюнча 2070-жылга чейин коронавирустан адам затынын 70%ы көз жумат, бирок бул илдет Кыргызстанга келбейт деди, бүгүнкү маалымат жыйынында.

“Коронавирус Кыргызстанга өтө албайт, мен чек чийип койдум. “Коронавирусту башкаларга мен жөнөттүм. Дүйнө жүзүндө 70 пайыз адам кырылып, кыргыздар калат. Андан кийин мен ааламды башкарам. Коронавирус  көп адамдарга жугат. 15 жашка чейинки балдарга вирус жукпайт. Менин сөзүм, менин пикирим – бул закон,  менин куралым – ааламдын күчү”,- деп билдирди Арстан Алай.

Дүйнө жүзүндө техника өнүккөн өлкөлөрдө  вирус күчөөрүн айтты. Андан тышкары диний фанаттар көп жерди да вирус каптайт.  Мисалы, Түштүк Кореяда диний сектанттар көп, ошондуктан ал жакта да күчөп атканын белгиледи.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button