КоомСаясат

Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келет. 

Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Бул сапар Малайзиянын Премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт, биринчи барган өлкө – Кыргызстан болот. 

Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда. Жолугушууларда Кыргызстан-Малайзия мамилелеринин бардык чөйрөсүн активдештирүү, атап айтканда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө маселелер талкууланат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button