Спорт
Кыргызстандык балбандар Египеттеги эл аралык мелдештен тогуз медаль менен кайтты

Кыргызстандык балбандар Египеттеги Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинен тогуз медаль менен кайтты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.
Мелдеш 21-26-февраль күндөрү Александрия шаарында өттү. Кыргызстандын куржунуна үч алтын, бир күмүш жана беш коло байге топтолду.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча: 1-орун – Айсулуу Тыныбекова (62 кг); 3-орун – Айпери Медет кызы (76 кг); 3-орун – Мээрим Жуманазарова (68 кг).
Грек-рим күрөшү боюнча: 2-орун – Акылбек Талантбеков (82 кг); 3-орун – Сыймык Махмудов (63 кг); 3-орун – Раззак Бейшекеев (67кг).
Эркин күрөшү боюнча: 1-орун – Эрназар Акматалиев (70 кг); 1-орун – Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг); 3-орун – Бекзат Алмаз уулу (57 кг).



