Коронавирус. «Спирт менен хлорка сактады» дейт кытайлыктар

«Спирт, хлорка менен сактандык»: Кытайдагы коронавирусту башынан өткөргөндөр тажрыйбаларын башкалар менен бөлүшүп атышат», деп жазды кечээ 15 — мартта Россиянын Башня.ру агенттиги.
Кытайдын көчөлөрүн эмне менен тазалап атышканын, азык-түлүктөрдү кантип дезинфекциялашканын жана үйлөрдө каруусуна кызыл чүпүрөк байлашкан кимдер дежур болуп турушканын айтышты.
Кытайда коронавируска каршы көчөлөрдү кандайдыр бир суюктук менен жууп атышканын, каруусуна кызыл чүпүрөк байланышкан дружинниктер ар бир үйдүн кире беришинде күзөтүп турушкан кадрларды көпчүлүк көрсө керек. Кытайдагы карантин учурунда калып калышып, башынан аягына чейин ошоякта болушуп, эпидемиянын үрөй учурган окуяларынын баарын баштарынан өткөрүшкөн россиялыктар, COVID-19га каршы сактануучу кандай чаралар көрүлгөнүн, азык-түлүктөрдү, эшиктин кармагычтарын, кийимдерди эмне менен дезинфекциялап турушканын, анан дружинникттер калк жашаган комплекстерде кантип иштешкенин айтып беришти.
Интервью берген айымдардын бири “көчөлөрдү химиялык составы белгисиз, бирок хлорка жыттанган сюктук менен тазалап атышты” дейт. “Ошондой эле хлорка менен лифтерди, подъездерди жууп, бут кийимдерди сүрүп атышты. Сактануунун дагы бир каражаты спирт болду. Аны менен дүкөндөн алып келген азык-түлүктөрдү, эшиктин кармагычтарын сүрүп аттык. Биздин шаарда жашагандардын баарына бир бөтөлкөдөн бекер медициналык спирт беришти.Бир үй-бүлөөгө карантин учурунда бир айга бир бөтөлкө спирт жетти” дешти, башынан өткөргөндөрүн айтышып.
Эскертүү! Коронавирусту жуктуруп албоонун эң башкы эрежеси — жеке гигиенаны катуу сактоо, колду бат-баттан самын менен жууп, жалпы колдонгон буюм-тайымдарды, суу кранынын, эшиктин кармагычтарын спирт менен дезинфекциялап туруу зарыл. Хлорка менен раковиналарды, ванналарды тазалоо керек.
Abal.kg



