Дүйнө

Коронавируска такыр ишенбеген журналист вирустан каза болду

Бул илдеттин коркунучтуу экенине таптакыр ишенбеген ирандык журналист Хамед Джалали Кашане коронавирустан каза болду деп жазды МК. Бул туурасында  Vazhno .ru маалымдады.

Журналист коронавирус жөн эле заговор, иш жүзүндө ал жок деген көз караштагы адамдардын пикирин жактагандардан болгон. Кашане атайылап маска тагынгандан баш тартып, Ирандын ыйык жерлерин өөп, тили менен жалап – жуктаган, мындай илдет эч кандай жок деп далилдеш үчүн. 

Натыйжада температурасы катуу көтөрүлүп ооруканага түшкөн. Ошондо да, Твиттерине “грипп болуп атам, ушундан көрө коронавирус менен оорусам жакшы болот болот эле, хайп кармаганга” деп жазган.

Бирок, бир аз убакыт өткөндөн кийин анын абалы кескин начарлап, журналистте пневмониянын оор формасы башталган. Врачтар аны сактап кала алышкан жок. 

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button