Коом
Кыргызстанда коронавирусту аныктоо үчүн жеке клиникалардан тест тапшырууга болбойт

Коронавирустун бар-жогун аныктоочу тестти жеке менчик клиникалардан акча төлөп өтүүгө азыр болбой турганын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде айтты.
“Учурда чет жактан кайтып келгендер жана COVID-19 вирусун жуктургандар менен байланышта болгондор гана тест аркылуу текшерилип жатат. Эгерде сиз оорулуу адам менен байланышкан болсоӊуз, ыкчам байланыш линиясына кайрылуу керек”, — дейт Акматова.
Ал азыр Кыргызстанда коронавирусту аныктай турчу тесттер жетиштүү экенин билдирет. Аны алууда чет элдик донорлор, башка мамлекеттер жана кыргызстандык ишкерлер колун сунууда.
Abal.kg



