“Исмаил Матраимов” фонду коронавирусту аныктоочу 10 000 экпресс-тест сатып беришти

Кечээ, 29-мартта COVID-19 илдетин аныктоочу 10 000 экспресс-тест фондго келип түштү. Алар гуманитардык линия аркылуу Ош шаарынын профилактикалык жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл ооруканасына берилди.
Жакынкы арада дагы 10 000 тест келиши күтүлүүдө. Жагымдуу жаӊылык, Райымбек Матраимов дагы 10 стационардык жасалма дем алдыруучу жабдыктарды алып келүүгө буюртма берди. Алар өлкөдөгү ооруканалардын жандандыруучу бөлүмдөрүнө берилет.
Фонддун волонтерлору аппараттарды сатып алууга 2 жума убакыт коротушту. Алдыда комплектация, инструктаж жана эксплуатация сыяктуу оӊой эмес жумуштар күтүп турат. Жакынкы күндөрү бардык аппараттарды жеткирип орнотуп беребиз деген үмүттөбүз.
Алынып келинген бардык жабдуулар Саламаттыкты сактоо министрлигине короновирус менен күрөшүүгө бекер өткөрүлүп берилет.



Abal.kg