Коом
Коронавирустан көз жумган адам чет жактан келген аялынан жуктурган. Аялы жеңил формада ооруган
“Карантиндик аймакта турган жарандардын аларды кармоону негизсиз деп эсептеп, жасаган видео кайрылууларын эске алып, алар өзүнүн айлана-чөйрөсүнө кандай коркунуч алып келерин далилдеген мисал келтирсек. Коронавирустан каза тапкандардын бири – Ош шаарынын тургуну оорулуу менен байланышта болгон, анын жубайы чет өлкөдөн кайтып келген да, анда COVID-19 бар экени аныкталган. Бирок жубайы өзүн жакшы сезип, анда оорунун белгилери да болгон эмес, ал эми жолдошу байланыштан кийин илдетке чалдыгып, көз жумган”,-деп билдирди коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб.
Эскерте кетсек, чет жактан келип, карантинге шектелип, дарыланып чыккан аял “мен ооруган эмесмин” деген билдирүүсү менен видео кайрылуу жасаган эле.
Abal.kg