Кум сөөлжандын жана ооруп айыккандардын каны коронавирустан айыктырабы? (видео)

Коронавируска каршы дабаа издөө тынымсыз уланууда. Окумуштуулар оорулуу адамдын клеткаларында антителеларды пайда кыла турган жолдорду издешүүдө. Ошондой жолдордун бири ооруп айыккан адамдардын канынын плазмасы экенин кытайлык окумуштуулар бышыкташты. Бул туурасында кытайлык окумуштуулардын иликтөөлөрүнүн натыйжасы PNAS журналына жарыяланды деп билдирди, Газета ру, 7-апрелде.
COVID-19дан айыгып чыккан адамдардын канынын плазмасын оорулуу адамдарга куюу, алардын абалын алда канча жакшыртат, анткени, коронавируска каршы антитела жардам берет, деп билдиришти, кытайлык Biotec Group компаниясынын илимпоздору. Эми антителелардын оптималдуу концентрациясы канча болуш керек жана качан аны куюш керек, ошону тактоо калды дейт алар.
COVID-19 менен ооруп айыккандардын антителасы илдетти жуктуруп алып ооруп аткандарды дарылап айыктырууга жөндөмдүү – аны канга кую оорунун мөөнөтүн азайтат, симптомдорун жеңилдетет жана кислороддун деңгээлин жогорулатат. Франциянын ооруканаларында деңиз сөөлжаны –кум сөөлжандын каны менен коронавирустан пайда болгон респиратордук оорулууларды дарылоо эксперименттерди өткөрө баштаташты. Бул ыкма эпидемиянын курмандыктарын азайтат леп үмүттөнүшөт врачтар. А АКШда илдет жуктургандарга андан айыккандардын канын кую менен дарылоону көрүп көрүшөт, деп билдирди Euronews, 7-апрелде.
Abal.kg



