Дүйнө

Коронавирус. АКШда бир суткада 1736 адам көз жумду. Афроамерикалыктар көп жабырланууда

АКШда акыркы суткада коронавирустан 1736 адам көз жумду, бул өлкөдө эпидемия башталгандан берки бир суткада курман болгондордун эң жогорку көрсөткүчү. Муну Джонс Хопкинс университетинин маалыматтарына  таянып CNN телеканалы маалымдады, деп 8 – апрелде INTERFAX.RU  билдирди.

Университеттин маалымдаганына караганда АКШда коронавирус инфекциясынан 12 722 адам каза тапты.

Буга чейин бир сутканын ичинде өтө көп көз жумгандар 4-апрелде болгон – 1344 киши. Каза болгондордун эң көбү Нью-Йорк шаарында — 4 009. Бул шаар азыр АКШдагы коронавирус эпидемиясынын эпицентри.

АКШда COVID-19 менен бейтаптагандар 400 миңге жеткени калды. 22 миңдей адам айыкты.

Мурдараак эле АКШнын президенти Дональд Трамп,  2 млн киши тест тапшырганын айткан. Коронавирустан көбүрөөк жабыр тарткандар афроамерикалыктар деп кошумчалаган. Трамп элди ушул жума өтө татаал болооруна, көп адамдар көз жумаарына даяр болгула деп эскерткен.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button