Дүйнө

Кытайда мышык менен иттердин этин жегенге тыюу сала баштады

Шэньчжэнь шаарында 1-майдан тартып мышык менен иттин этин жегенге тыюу салынат. Бул калаа мындай тыюу салуу ишке аша турган материктик Кытайдагы биринчи шаар. Буга чейин аталган жаныбарлардын этин жегенге Гонконг менен Тайванда гана тыюу саланган. Бул туурасында Snаtch маалымат порталы билдирди.  

Мындай чечим коронавирустун пандемиясынын фонунда кабыл алынды. Анткени бул илдетти жаныбардан жуктуруп алган биринчи кишиге, вирус жарганаттан өткөн болуш керек деген пикир бар. Вирустарды алып жүрүүчү жаныбарлардын этин тамакка пайдалануу Кытайда чындыгында эле өтө курч турат: бул өлкөдө жыл сайын 10 миллионго чейин иттин, 4 миллионго чейин мышыктын этин жешет.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button