Британия бүгүндөн тартып коронавируска каршы вакцинаны адамдарга сынай баштайт

Оксфорддун адистерине бул максат үчүн 20 миллион фунт стерлинг бөлүнгөн.
Улуу Британиянын саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Мэтт Хэнкок брифингдин учурунда, 23-апрелден тартып окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан, коронавируска каршы вакцинаны адамдарга сыноо башталат деп айтты. Бул туурасында 22-апрелде Inc-news билдирди.
Хэнкоктун сөзүнө караганда клиникалык сыноону өткөрүш үчүн Оксфорддун адистерине 20 миллион фунт стерлинг бөлүнгөн.
Мурдараак эле АКШнын президенти Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттарында коронавируска каршы дарылоонун 70тен ашык ыгы сыноодон өтүп жатат, ошондой эле вакцина иштеп чыгуу да жолго коюлду деп айткан.
А Россияда болсо коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосун июнда баштоо пландаштырылууда.
Abal.kg



