Нобель лауреатынын айтканы далилденди: коронавирусту окумуштуулар жаратышкан
Кытайдын Ухань шаарындагы биолабораторияда коронавирус менен жасалма ВИЧтин (СПИД) бөлүкчөлөрүн бири-бирине бириктирүү эксперименти жүргөн. Бул туурасында Researchgate илимий порталына жарыяланган илимий иш күбө боло алат. Адамдагы инмуннодефицитти (ВИЧ) ачкандардын бири, Нобель сыйлыгынын лауреаты француз окумуштуусу Люк Монтанье буга чейин эле Уханда СПИДге каршы вакцина чыгаруу аракетин көрүшкөн, натыйжада Covid-19ду алышкан, деп айткан эле. Анда анын пикирин көптөгөн окумуштуулар туура көрүшпөй, өтө эле обу жок ой деп аташкан. Бул туурасында өткөн жумада EurAsia Daily билдирген.
17-апрелде МКга жарыяланган материалда атактуу окумуштуу: “Бул вирус табиятта кездешпейт, ал жасалма түрдө ВИЧтин бөлүкчөлөрүн кошуу менен жасалган. Коронавирус менен манипулияция жасашкан” деген. Мунун баарын молекулярдык биологдор жасашканын, бирок эмне үчүн экенин билбей турганын айткан. «Менин ишим – фактыларды алып чыгуу. Мен эч кимди күнөөлөбөйм, муну ким чыгарганын, эмне үчүн чыгарганын да билбейм», – деген анда окумуштуу.
Изилдөөнү Ухандын вирология институнун (вирология, инфрамикробиология — клетканын ичиндеги субмикроскопиялык паразиттердин вирустары тууралуу илим) атайын патогендер жана биокоопсуздук боюнча Негизги лабораториясынын беш адиси менен эл аралык саякаттоо саламаттык сактоо Борборунан Нинбо жүргүзүшкөн. Бул иштин тыянагын 2018-жылы январда Researchgate илимий сайтында, а 2019-жылы сентябрда Америка микробилология коомунун (NCBI) порталында жарыялашкан.
«Бул иликтөөдө, адамдын 1 (ВИЧ-1) тибиндеги иммунодефицит вирусу сыяктуу, РНК MERS-CoVдун фрагменттери upE, ORF1b жана N менен бир бөлүкчөгө жайгаштырылды», -деп айтылган.

Документте Ухандын биолабораториясынын адистери upE фрагментин профессор Ши Чженлиге беришкени айтылат. Аталган профессор Кытайдагы жарганаттарды жана коронавирусту изилдеген өтө тажырыйбалуу иликтөөчү катары эсептелет. Коллегалары аны «бэтвумен» деп аташат.
Биолабораториянын адистеринин пикири боюнча изилдөө ийгиликтүү ишке ашып, алар коопсуз эталондуу материал алышкан.
NCBI сайтындагы илимий материалга караганда Ухандагы биолабораторияларда жарганаттардагы коронавирусту активдүү изилдөө менен гана чектелишкен эмес, ошондой эле ВИЧти иликтешкен. Америка микробиология коомунун порталында вирология Институтунун адистеринин ондогон эмгектери жарыяланган.
Уханда эпидемия башталганда, оорулууларды ВИЧке каршы дарылар менен дарылай башташкан. А вирология Институту, ВИЧке каршы АКШда иштелип чыккан «Ремдесивир» дарысын, коронавирус менен жабырланган оорулууларды дарылоого пайдалануу максатында патент алууну көздөгөнү үчүн, эл аралык чырга тушуккан.
Ал эми «Известияга» берген маегинде Россиянын Роспотребнадзорунун Пастер атындагы эпидемиология жана микробиология илимий изилдөө институнун директорунун орун басары Александр Семенов, француз окумуштуусуна орой каяша айтып, аны каяктагы бир “эксперт” деп атап, коронавируска ВИЧтин геномунун участокторун жабыштырды дешип “далилдеп” жатышат. Бул деген келжиректик да!”- деп катуу күйүп-бышкан. А иш жүзүнө келгенде дүйнөлүк атагы бар француз вирусологу, Нобель сыйлыгынын лауреты Люк Монтаньенин айтканы чын чыгып жатат.
Abal.kg



