Дүйнө

Мадагаскар коронавируска каршы сироп чыгарды. ВОЗ анын жардамына күмөндөр

Гвинеи-Бисау мамлекетинин башчысы COVID-19га каршы делген сиропту алып келүү үчүн  самолет заказ берди

Гвинеи-Бисаунун президенти Умару Сисоку Эмбало, Мадагаскардын коронавируска каршы дарысын өз өлкөсүнө  алып кетээрин жана андан ары коңшулаш бүт Батыш Африканын өлкөлөрүн жабдыырын айттыю Аны алып кетүү үчүн самолет заказ берет, деп билдирди Мадагаскардын президенти Андри Радзуэлина. Бул туурасында 27- апрелде РИА Новости маалымдады.

Мурдараак Мадагаскардын лидери коронавируска каршы дары менен тааныштырган — шыбактын негизиде жасалган Мальгаштын прикладдык иликтөө институтунда (IMRA) Covid-Organics дарылоочу сиробун сунуштаган. Шыбактан бөлүнүп чыккан артемизинин заты азыркы убакта тропикалык безгекке каршы эң эффективдүү дары болуп эсептелет.

Эмнени билүү зарыл

Мамлекет башчысынын айтуусуна караганда сироп жети күндүн ичинде натыйжа берет, дарыны мектептин окуучуларына бере башташты. Кийинчерээк Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ВОЗ) расмий өкүлү  Фадела Чаиб айым,  ВОЗ шыбактын COVID-19дан дарылоого жардам берээрин биле албасын айтты.

«Гвинеи-Бисаунун президенти  Умару Сисоку Эмбалого, өз өлкөсүн жана бүтүндөй Батыш Африкадагы коңшулаш мамлекеттерди TAMBAVY CVO/Covid-Organics (дары) менен камсыз кылам дегенине рахмат. Мадагаскардан алып кетиш үчүн (дарыны) самолет заказ берет», — деп жазды мадагаскардын лидери өзүнүн Twitter баракчасында.

Ошондой эле мамлекет башчысынын соцжелесинде жума күнү «элдик медицинанын каражатына» биринчи заказды Сенегалдын президенти Маки Салл жасады деген маалымат бар.

Мадагаскардын саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча өлкөдө коронавирус жуктурган 124 учур катталган, анын ичинен 71и айыгып чыгышкан. Гвинея-Бисауда вирус жуктурган 53 учур бышыкталган, анын ичинде үчөө айыгып, бирөө көз жумган. Ал эми Сенегалда 671 адам жуктурган,  283 киши айыккан, 9у көз жумган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button