Коом
Коронавирус. Кантип жуктурганы билинбей атат, эч ким менен байланышкан эмес

Бүгүнкү күнгө карата коронавируска кабылган 13 адамдын бирөөнө вирус кайдан жукканы билинбей жатканы тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«12 киши — вирус жуккандар менен байланышта болгондор. Бир кишинин коронавируска кайдан кабылганы азыр иликтенип жатат. Мындай учурлар анча көп эмес, бирок бар. Ошол себептен карантин канчалык жеңилдетилсе дагы кыргызстандыктарды колдон келишинче үйдөн чыкпай отуруусун суранат элек», — деди Үсөнбаев.
Ооругандар менен байланышпагандар кантип вируска чалдыгып жатканын иликтөөгө убакыт талап кылынат деди Үсөнбаев.
Abal.kg