Коом
Ван кыргыздары Бишкекте көргөзмө уюштуруп, сейрек кездешкен салттуу кийим, зер буюмдарын көрсөттү

Иш-чара Улуттук тарых музейинде өткөн. Анда
Түркиядагы Ван кыргыздарынын кол өнөрчү, зергер, усталарынын колунан жаралган буюмдар коюлган. Арасынан асыл таштар менен кооздолгон жасалгаларды, кыргыздардын салттуу кийимин (элечек, көйнөк, белдемчи) көрө аласыз.



