Дүйнө

Россияда коронавирус эпидемиясын форс-мажорго теңөөнү сунушташууда

Россиянын Федерация Советинде  (Совфед) эпидемияны форс-мажор (жеңүүгө мүмкүн болбой турган күч) деп моюнга алууну сунушташууда. Эпидемияны форс-мажоргө теңөө менен миңдеген юридикалык жактар контракттык милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жооп берүүдөн  кутулушат, деп «Коммерсантъ» басылмасына, 6-майда федерация  Советинин төрагасынын биринчи орун басары Николай Федоров билдирди.

Ошол эле убакта, бул, карыз болгон тараптардын баардык категориялары үчүн универсалдуу болуп  саналбайт, деп белгиледи сенатор. Федоров мырзанын айтуусуна караганда, бул сунуш  Совфеддин жумушчу тобу тарабынан каралып жатат. Алар 15-майда коронавирус эпидемиясынын экономикага тийгизген таасири боюнча мыйзамдарга зарыл өзгөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарын беришет.  

Өлкөдү орун алган кырдаалга жараша коронавирусту жеңүүгө мүмкүн болбой турган күч деп моюнга алууну, ошону менен бирге компанияларды бир катар төлөмдөрдөн (ичинде аренда акысы да бар) бошотуу боюнча, бир нече сенатор жана РФ субъектилеринин биртоп өкүлдөрү, Совфеддин жумушучу тобуна кайрылышкан, деп айтты Федоров мырза.

Эске сала кетсек, коронавирус  пандемиясын  жеңүүгө мүмкүн болбой турган күч деп моюнга алууну, соттук чыр-чатактын учурунда “Единая Россия” партиясынан төрагасы, Россиянын коопсуздук боюнча Советинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев (экс премьер-министр) айтып чыккан.

Дмитрий Медведев

“Эгер ушундай пандемия жеңүүгө мүмкүн болбой турган күч болбогондо анан кайсы болот? Адатта бул (форс-мажор) дайыма табигый кубулуштар жана бийликтин актылары болуп саналат.  А бул жерде экөө тең бар”, деген  Дмитрий Медведев.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button