Окуялар
Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгерлеринен коронавирус аныкталды

Улуттук онкология жана гематология борборунун медициналык кызматкерлеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Алардын айтымында медкызматкерлердин жакындарынан жана байланышта болгондорунун баардыгынан анализ алынды.
“Алар менен эл тыгыз байланышта болгон эмес, анткени дарыгерлердин баардыгы эмгек өргүүсүндө болгондуктан бейтаптар менен байланышпаганын айтышты. Андан тышкары 10-майга чейин бул борбордо бейтаптарды пландык кабыл алуу токтотулган»,- деп айтылат штаб берген маалыматта.
Кыргызстан боюнча коронавирус илдетин жуктурган 163 дарыгер катталган. Алардын ичинен № 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачы каза болгон.
Abal.kg



