Дүйнө

Коронавирус жуктургандардын саны боюнча Россия дүйнөдө 2-орунга чыкты

12-майга карата Россияда COVID-19 диагнозу коюлгандардын саны 232243 кишиге жетти. Бул туурасында Ведемости 12-майда билдирди.

Акыркы сутканын ичинде 10899 жаңы бейтап кошулду. 43 512 бейтап айыкты, 2116и кайтыш болду. Акыркы суткада 107 киши каза тапты.

Россия коронавирус жуктуруу жагынан Улуу  Британия менен Испаниядан өтүп, АКШдан кийинки 2-орунду ээледи.

Дартка чалдыккандардын саны боюнча Москва шаары алдыда – 121301 киши бейтаптаган, 1179 жаран каза тапкан.

Президент Путиндин жардыгы менен 12-майдан тартып жалпы Россиянын масштабында дем алуу күндөрү аяктады. Бирок, Москвада жана аймактарда жергиликтүү бийликтер карантин режимин улантышууда. Москванын мэри Собянин 31-майга чейин борбордо карантин режимин узартты.

Abal.kg  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button