Дүйнө
«Амонатбанктын» мурдагы башчысы менен уулу бир күндө каза табышты. Тажикистанда абал оор
«Амонатбанктын» мурдагы төрагасы Рухулло Хакимзода уулу Кароматуллох Рухуллозода өлгөндөн кийин бир нече сааттан соң каза тапты. Атасы да уулу да коронавирустун курмандыгы болушту деген божомол бар. Бул туурасында аталган банктын экс-пресс-катчысы Сайфулло Салимов кабарлады, деп Sputnik – Тажикистан билдирди.

Рухулло Хакимзода Тажикистандын финансы секторунун эң алдыңкы ишмерлеринин бири болчу.
Эсиңерге сала кетсек, 2020-жылдын 16-майына карата Тажикистанда коронавирус жуктургандардын саны 1 322 кишиге жетти, 36 жаран каза тапты. Көз жумгандардын саны 2.72%.