Обсервацияда чыр чыгаргандар жоопкерчиликке тартылат (видео)

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов «Гансиде» жайгашкан «Семетей» обсервациясындагы жаңжал эмнеден чыкканын айтып берди.
Эске салсак, обсервацияда жаткандар чуу чыгарып, медиктерге кол салганы айтылган. Ал жайга милиция кызматкерлери чакырылганы видеого тартылып, коомчулукка тарап кеткен эле.
Каниметовдун айтымында, аталган обсервацияда Соль-Илецкиден келген 432 кыргызстандык жатат.
«Кээ бир адамдар ПЦР-анализинен коронавирус аныкталып, жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылгандар үй карантинине чыгып жатат деген жалган маалымат тараткан. Мындан улам башкалары дагы коё берүүнү талап кылып чыгышкан», — деди Каниметов.
Ошондой эле ал Саламаттык сактоо министрлиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады. Аны менен катар эле мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыла турганын убада кылды.
Abal.kg