Дүйнө

Коронавирус. Бразилияда саат сайын бирден адам көз жумууда

“Силер эмнени каалап жатасынар, мен эмне кылышым керек?” Бразилиянын президенти өлкөдөгү коронавирустан  саат сайын өлүп аткан адамдарга карата элине кайрылуу жасады. Бул жакта адистер абал мындан да жаман болушу күтүлүүдө деп эскертүү берип жатат. Рио-де-Жанейро жакында Нью-Йорктой эле болот, Перунун айрым  аймактарында бир саатта бирден адам көз жумуп атат, Эквадор жакында каза болгондордун индустриясына айланат деп жазды  Der Spiegel немец басылмасы.

12-майда Бразилиянын борборундагы  дарыгер айымдар коронавирустан каза болгон 109 дарыгерди эскеришти. Ал дарыгерлердин беткабында жана ак халатында маркумдардын аты-жөнү жазылган. Ал күнү Медицина айымдарынын эл аралык күнү белгиленип,  бир суткада 881 адам коронавирустан каза болду. Жалпы жонунан бул өлкөдө 15,6 миң адам көз жумуп, 230 миңден ашуун адам инфекция жуктуруп алышты.

Бразилия – Латын Америкасындагы пандемиянын борбору болуп калышы күтүлүүдө дейт. Бул дүйнөлүк кризистин аймагына айланат дейт адистер.

Бир жумада эле 96 миң адам коронавирус жуктуруп алышкан.

Ал эми бул өлкөдө  алдын-ала  айтылган божомолдон да көп адамдар каза болуп атышканына медиктер жана окумуштуулар да  таң калышууда.  Анткени Мексиканын борборунда эле 5000ге чукул бейтап көз жумду.

Адистердин божомолунда алдыда мындан да оор күндөр күтүп турат. Бул өлкөдө каза болгондор 100 миңден ашышы ыктымал деп айтышууда. Сан-Пауланын реаниматолог врачы The Atlantic маалымат басылмасына берген маегинде Рио-де-Жанейро  пандемиянын борборуна айланат.

Айрым штаттарда карантин кабыл алынган эмес, анткени экономикалык чыгаша болушун каалаган эмес. Ошондой карантинге алынбаган аймактарда коронавирусту жуктуруп алгандар жана каза болгондор көп  катталып жатканы аныкталды.

Буга чейин коронавируска олуттуу карабаган чиновниктер да каза болгондордун саны өскөн сайын чочулап жатканын билдиришкен.  Март айында эле бул аймакта баардыгы башкача болчу, эл сууга түшүп, эс алып, кучакташып жүргөнүн көрүүгө болот эле. Бирок коңшу мамлекеттерде бул вирус башталганда эле карантин кабыл алынып, вирусту жайылтпоого шарт түзүлүшү керектигин айтып, өздөрүн сынга алышууда.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button