Коом

Коронавирус. Кыргызстанда дагы 30 кишиден чыкты. Эки адам каза тапты

Республикалык ыкчам штабда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, мамлекеттин башкы санитардык врачы Нурболот Үсөнбаев, 25-майга карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туурасында статистикалык маалымат берди.

Башкы санитардык врач акыркы сутканын ичинде дагы 12 киши айыгып чыгарылып, жалпы сакайгандар 992 кишиге жеткенин маалымдады. Ошол эле учурда акыркы суткада дагы 30 жарандан коронавирус табылган. Тилекке каршы эки адам каза тапкан. Бирөө Кыргыз Республикасынын 1995-1997-жылдардагы Жогорку Кеңештин экс-спикери, экс-юстиция министри, белгилүү коомдук ишмер Мукар Шалтакович Чолпонбаев жана Жайыл районунан дагы бир жаран. COVID-19дан Кыргызстанда каза тапкандардын саны 16 кишини түздү.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button