Коом

20 жаштагы америкалык Салтанат чыныгы ата-энесин тапкысы келет

Билологиялык апасы аны балдар үйүнө таштап кеткенине таарынбайт.

Мындан 19 жыл мурда америкалык үй-бүлөө багып алган 20 жаштагы  казак кызы Эйжа Бергер өзүнүн биологиялык ата-энесин тапкысы келет.

Бийкеч алардын жашоо-турмушуна камыр-жумур болуп аралашып кетүү ниетинен алыс, биологиялык ата-энеси кандай чечим кабыл алса да, ал ага макул болоорун билдирет, дейт NUR.KZ.

Ушул айдын орто ченинде Казакстан-америкалык ассоциациясынын Facebook баракчасына кыз өз ата-энесин издеген кайрылуусун жарыялаган. Кыз ага жардам бергиси келген интернет колдонуучулардын аябай көп экенине таң калган. Ошолордун бири Талгат Аманов деген жигит видеобайланыш менен кызга чыгып, биргелешкен интервью жарыялаган. Видео ассоциациянын баракчасына жайгаштырылган. Кыз 2000-жылы март айында туулганын, төрөлгөндө  Салтанат деп ат коюшканын айткан. Бир жыл өткөндөн кийин аны АКШда жашаган үй-бүлөө багып алган. Алар ага Эйжа Бергер деген ысым беришкен. Тилекке каршы, ал өзүнүн казакстандык үй-бүлөөсү тууралуу эч нерсе билбейт. Бар болгону ата-энесинин гана аттарын билет – Куат менен Куралай Ашкановдор.

Эйжа – Салтанат азыр Флоридада жашайт. Жакында эле колледжди бүтүргөн. Эки эже-сиңдилүү. Кыздын сөзүнө караганда багып алган ата-энеси анын каяктан экенин эч качан жашырышкан эмес. Алар кызы өз ата-тегин билиш керек деп эсептешет. Алардын үйүндө Казакстан тууралуу китептер өтө көп, дейт кыз. Эйжа өзүнүн биологиялык ата-энесин дайыма тапкысы келгенин белгилейт. Бирок, ал ага анчалык эле шашылыштын зарылчылыгын сезчү эместигин айтат. «Мага ушундай жашоо-турмуш тартуулашкан менин үй-бүлөөм бар үчүн, мен эрезге жеттим», — дейт кыз.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button