Окуялар
Бишкекте “Тез жардам” унаасы менен КАМАЗ кагылышты. Жабырлануучулар бар

Бишкекте “Тез жардам” автоунаасы менен КАМАЗ кагылышып, төрт адамдын абалы оор экени кабарланды.
Жол кырсыгы башкалаанын Баялинов жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Андан “Тез жардам” машинесиндеги төрт медицина кызматкери жаракат алып, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.
Жол кырсыгынан дагы бир жеңил автоунаа жабыркаганы айтылып жатат.



