Коом
Бишкекте Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган митинг-реквием өттү

Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Россиянын жана Казакстандын аскердик атташелеринин өкүлдөрү, жаштардын патриоттук кыймылынын тарбиялануучулары, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ошондой эле Бишкек гарнизонунун өздүк курамы катышты.
Катышуучулар Өчпөс отко гүл коюп, курман болгондорду эскеришти.



