Мирзат Муканов: “Жажапэй сен баактылуу болууга татыктуусуң! Болбой эле көрчү, токмок жейсиң!”

Мирзат Муканов: “Жажапэй сен баактылуу болууга татыктуусуң! Болбой эле көрчү, токмок жейсиң!”
Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиев жана ырчы Гүлбү Орозкул кызынын экинчи кызы Сезим Иманалиева турмушка чыкканы маалымдалган. Бүгүн, 13-августта Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов бул тууралуу жеке баракчасына билдирүү жарыялады.
“Сезимибизди турмушка узаттык. Улуулардын кеп-кеңешин алып, мурдатан макулдашылган убакытты кийинкиге калтырбастан, жакшылыкка үмүт кылып, кызыбыздын жолун буубай, өз бүлөөсүнө тапшырдык. Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык кылып, той бериштен жеңил нерсе жок, бүгүнкү “пулуң болсо, кулуңмун” заманда. Бирок шартка жараша, эң жакындардын коштоосунда гана бата алдык.
Куда-кудагый абдан сонун кишилер экен. Тойдун эртеси эле Өзгөнгө үйүнө барып, сыйын да көрүп келдик. Эми Сезимим менен Бексултаныма кааларым – кем болбогула, кармашкан колуңар үзүлбөсүн, тукумуңар көбөйсүн! Айзуура экөөбүз силер үчүн ар дайым колубуздан келгенин аянбайбыз. Сезим Иманалиева Жажапэй, мен сага ар дайым айтам, сен баактылуу болууга татыктуусуң! Болбой эле көрчү, токмок жейсиң! Бизге моралдык колдоо көрсөтүп, кашыбызда болгон жакындарыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Жакшы сөз арнагандарга ыраазыбыз”, – деп жазып чыкты Муканов.



