Белоруссиялык ММК Лукашенкону карыган клоун деп атады

Лукашенконун бийликтеги күндөрү, азыркы таптагы кырдаал туурасында Reconomica журналы жазып чыкты.
Анда Светлана Тихановская Координациялык кеңеш түзгөнү тууралуу жарыя салды. Бул анын белорусь саясатына кайтып келгенин жана бийликти алууга даярданып жатканын билдирет. Мындан бир нече күн мурдагы анын видеокайрылуусун эске алсак, мунусу күтүүсүз болду. Тихановскаяны массалык колдоо эми мындан да көбөйөт
Колдоо колдон чыга баштады
Мындан бир жума мурда эле Лукашенко түбөлүктүүдөй сезилген. Массалык протесттердин биринчи күнү эле президент колдоо таппай калды. Күч колдонуу ыкмалары Лукашенко азыркыга чейин абалды көзөмөлдөп турат деп, протестке чыккандарды коркутуш керек болчу. Бирок, адамдар андан коркушкан жок, тескерисинче тынчтык жолу каршылык билдирүү, куралдуу кармашка караганда алда канча натыйжалуу болуп чыкты. Чоң акча, чоң чиндер үчүн Лукашенкону сүйгөн адамдар мурдагы адаттарын унутууга аргасыз болушту.
Сапарга даярданыш керекпи?

Лукашенконун командасы эл менен сүйлөшкөндү билишпейт. МТЗдин (Минскинин трактор заводу) территориясына премьер-министр Роман Головченко иш таштап жаткан заводдун жумушчулары менен сүйлөшөйүн деп келиптир. Көрсө, ал журналисттердин катышуусунда сүйлөшкөндү каалабайт экен. Ушундан соң миңдеген жумушчулар Минскинин борборуна марш менен жөнөштү. Бул абал, азыркы бийлик эл менен сүйлөшкөндү унутуп калганын эң сонун айгинелеп турат. Кызык, эгер анын сөзүн журналисттер укпаш керек болсо, анда премьер-министр эмнени айтмакчы болду эле? Коркутуубу, же жалынып-жалбаруубу? Же баягы эле куру убадаларбы?
Лукашенко өзгөрө албайт
Нааразылык протесттери башталганда, ал чет өлкөлүк айрым бир куурчак ойнотуучулар (кукловоды) беларустарга команда берип жатат деп жарыя кылып чыккан. Кадимки диктатордун демейдеги сөздөрү — бизде баары жакшы, нааразылыкты батыштан чыгарып атышат.
Кыязы Лукащенкодо кенедей да ой болбойт болуш керек – нааразылыктын эң башкы себеби өзү экени тууралуу. Ушундай абалда, жазында эле рейтинги 3%тен ашпаган Лукашенконун 80% добушту жаздырып алганы – барып турган шылуундук жана бүтүндөй өлкөнүн элинин бетине түкүргөнү.
Эми Лукашенко кырдаалдын барымтасы болуп калды
Бул, кээ бир шайлоо комиссияларынын башчылары фальсификациялоо болгонун ачык эле моюндарына ала баштаганда өзгөчө билинди. 55% кылып жаздырып алууну Лукашенко статусуна карата каалаган жок. Ал эми цифраларды көбөйтүп жаздырып алганы (шайлоодогу добуштарды-ред.) элдин нааразылыгын ого бетер арттырды.

Диктаторду тынчтык жолу менен кулатууга болобу?
Эң кызыгы, Лукашенкону кулатуу үчүн эч кандай пополдук армиянын же интервенттердин кереги жок. Коом өзгөрүүлөрдү каалаганда ал ошону ишке ашырат, жада калса, моралдык жактан сындырып туруп, өлкөдөн кууп чыккан лидер менен дагы. Тихановскаянын кайтып келиши, Лукашенконун алсыздыгын дагы бир ирээт далилдеди. Эми ал оппозиция менен бир гана темага сүйлөшө алат – өзүнүн келечеги, өлкөдөн кантип чыгып кетээри, соттолбой турганы – баардык шарттардын ичинен ал үчүн эң жакшысы ушул. Кандай гана каршылык көрсөтүү болбосун, анын ансыз да өтө жаман абалын ого бетер тереңдетип жиберет.
Бир адамга байланган бийлик, ал реалдуулук менен байланышын жоготкондо, дароо кыйрайт. Өзүнүн кемчиликсиздигине жана жалпы элдин сүймөнчүлүгү экендигине ондогон жылдар боюу ишенип келүү адамды бат эле сындырат, чүнчүтөт. Ошон үчүн ал батыштын кийлигишүүсүн издеп жатат.
Лукашенконун планы иштебей калды
Лукашенкодо бийликти сактап калууга шансы бар беле?
Бул туурасында ал тээтиги ала жазда, ушунча жылдан бери биринчи жолу өз рейтинги аябай төмөн болуп, а саясий конкуренттеринин популярдуулугу артып аткан учурда ойлонушу керек эле. Дагы бир маанилүү учур – шайлоону фальсификациялоо. Реалдуулукка азды-көптүр жакын цифраларды жаздырса, абалды сактап калышы мүмкүн эле. Анда полициянын зомбулугу анча чоң эмес протесттандарды коркутушу мүмкүн болчу. А азыр Лукашенкону сактап калуу таптакыр мүмкүн болбой калды. Мындан бир нече ай мурда эле, абал башкача эле.Темир кол кыска экени көрүндү – баарына жетпейт экен.
“Азырынча мен тирүүмүн”
Эртең менен Александр Лукашенко кезектеги жыйынды “Азырынча мен тирүүмүн, чет өлкөдө эмесмин” деп баштады.Кыязы, ал өзүн жек көргөндөрдүн үстүнөн күлгүсү келгендир. Бир жагынан, бул фраза саат өткөн сайын жаңы мааниге ээ боло баштады. Белорустарга президенттин түрмөгө олтурганы эле жетиштүү болот. Ушул жагынан алганда кылмышкерлерин сатпаган өлкө туурасында ойлонгон жөндүү болот – режим кулаганда анын ар кайсы иштерине күбө болчу адамдар дайыма табылат. Андан көрө, акыркы жолу президенттик самолетко, а балким экөөнө түшүп алып, ушунча жылдардан берки президенттик учурунда жыйган –тергенин алып кетип калганы оң.
Белорусь спектакли бүттү, сүйүктүү Батька эми жок. Бир актердун театрында гана карыган клоун калды.

Reconomica журналынан которулду. Автору Дмитрий Камушенко.



