Коом

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунан калган Балыкчы-Корумду жолу качан бүтөт (видео, фото)

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата оңдолуп жаткан Балыкчы-Корумду жолу 2017-жылы, ушул спорттук мелдештер башталганга чейин аякташ керек эле. Бирок, тилекке каршы бул объект ушул кезге чейин — үч жылдан бери чала бүткөн боюнча турат. Бул тууралуу 24.kg маалымат агентигинин орусча версиясы жазып, репортаж кылган.

Акча да, иш да жок

«Бул жолду куруунун тегерегиндеги проблемалар дароо эле башталган, -деп жазат 24.kg маалымат агентиги. — Подрядчик менен келишим 2015-жылдын октябрында түзүлгөн. 2016-жылы чыр чыгып, ошонун айынан премьер-министр Темир Сариев отставкага кеткен. А ошол жылдын август айында бул долбоорду каржылоого өлкөдө акча жок экени белгилүү болгон».

Албетте, жолду оңдоп куруу таптакыр эле токтоп калган жок. «Курулуш иштери өтө активдүү жүргөн маал 2016- жана 2018-жылдар, — дейт, маалымат агенттиги. -Так ушул жылдары Кыргызстан биринчи жана экинчи Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөргөн. Андан соң бул оюнду өткөрүүнү Түркияга өткөрүп берген».

Ошондон кийин жолду оңдоо өтө солгундап кеткенин, өткөн жылы анча-мынча жылыштар болсо дагы, быйыл иш токтоп турганын белгилеген, маалымат агенттиги.

Жол бузула баштаптыр

«Жолду куруп бүтүшө элек, а ал болсо бузула баштаган, -дейт, агенттик. -Бүтүндөй трассада жаракалар кетип, ага смола куюлган».

Айдоочулар, курулуп, оңдолуп бүтө элек 23 чакырым жол качан аяктайт, деген суроолорду беришет, дейт агенттик.

Баардык үмүт донорлордо

«Балыкчы — Каракол — Балыкчы автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча донорлордун дээрлик баардыгынын макулдугу алынды. Ысык-Көлдү айланта курчаган трассаны калыбына келтирүүгө $128 миллион чыгымдалат», -деп белгилеген агенттик.

Долбоорду каржылоо боюнча ОПЕКтин, Сауд өнүктүрүү фондунун, Кувейттин араб экономикалык өнүгүү фондунун макулдугу алынган. Ошондой эле Абу-Даби өнүктүрүү фондунан да каржылоо бышыктоо күтүлүп жатканын белгилеген агенттик.

Эгер баары ойдогудай болуп, аталган донорлордун каражаттары бөлүнсө, жолду реконструкциялоо аягына чыгат.

Булак:24.kg маалымат агентиги

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button