Коом

Бишкектеги башаламандыкта “Тез жардамдын” 6 унаасы талкаланып, 5 кызматкери жабыркаган

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов медкызматкерлерге кол салынгандыгы жана “Тез жардам” кызматынын унаалары талкалангандыгы тууралуу тынчсызданып жатканын айтып, бул чыр-чатакка саламаттык сактоо кызматкерлерин кошпоого чакырды.

“Башаламандык учурунда, «Тез жардам” кызматынын 5 медициналык кызматкери жабыркады жана 6 унаасы талкаланды. Эки унааны тоноп кетишти. Биз унааларды кыйынчылык менен алып, жабдыктар менен камсыздаганбыз. Мындай башаламандыкта алар жарактан чыгып калып жатат. Бүгүн дагы 13 тез жардам унаасы келди. Аларды саламаттык сактоо мекемелерине бөлүштүрүп беребиз”, – деп билдирди КР Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов. Айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин негизги милдети бардык багыттар боюнча токтоосуз медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыздоо!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button