Окуялар
АКШнын Венесуэлага жасаган чабуулунан каза болгондордун саны 80ге жетти

АКШнын Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармоо максатында жүргүзгөн аскердик операциясынын кесепетинен каза болгондордун саны 80 адамга жетти. The New York Times жазгандай, курмандыктардын арасында жарандык адамдар жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү бар.
Куба өкмөтү Мадурону коргоп жатып каза болгон 32 куба жараны тууралуу билдирди. Алар салгылашууларда жана америкалык аскерлердин авиачабуулдарынын натыйжасында набыт болгон. Ушуга байланыштуу Кубада 5–6-январь күндөрү улуттук аза күтүү жарыяланды.
АКШ Венесуэлага 3-январда чабуул койгон. Операция учурунда Мадуро жана анын жубайы кармалып, өлкөдөн чыгарылган. Алар терроризмди баңгизат соодасы аркылуу каржылоого катышкан деп айыпталып, АКШда жоопко тартылары кабарланды.



