Коом

Марат Тагаев, журналист: «Улан Үсөйүн сен бузулган атыңды улутчул деп актап алгың келип жатат»

Журналист Марат Тагаев коомдук активист Улан Үсөйүнгө социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. Текст өзгөртүүсүз берилди:

«Улан Үсөйүн Биринчиден Грузияда ичип жаткан виноң аш болсун!

Экинчиден кумга башын тыккан мен эмесмин. Логистикалык борбордун курулушун, темир жолдун курулушун, Жетим-Тоону иштетүүнү эбактан бери талап кылып келем.

Үчүнчүдөн: Эгер сен атуулдугуңду алмаштыра элек болсоң Акылбек Жапаров, Эдил Байсалов сенин дагы шефиң. Мамлекеттик жетекчилерге жардам бер!

Төртүнчүдөн манипуляциядан сен алыс бол. Грузия жер казбай мээ казып жатат деп сен чыгардың. Кел факт-чек кылалы десем сөзүңөн кайтып ийдиң.

Бешинчиден сага окшош четтен каржыланган, бузукулар каршы чыкса эле токтоп калбайт.

Алтынчы: Элдин пайдасына иштечү учур бүгүн! Эртең кеч! Азыркыларга ишенич жок дейсиң. Сен азыр табакташ болуп жаткан мурдагы 5 президент албаган Кумтөрдү азыркылар алды. Ишеничке кириш үчүн эми эмне Кытайды чабыш керекпи?

Жетинчиси сен азыр мамлекеттик-улуттук ири долбоорлорго гана бут тоспой, кыргыз эгемендигине коркунуч туудуруп жатасың. Бул бийлик куласа ким келет жакшы билесиң. Экөө тең сен жаман көргөн өлкөнүн кулдары!

Сегизинчи, коомдук көзөмөл болот. Сенден жүз эсе патриотпуз!

Тогузунчу, сенин максатың бештен белгилүү. Булганган атыңды улутчул деп актап алгың келип жатат. Кыргыз элинин жакшы жашоосун курмандыкка чалып, жеке кызыкчылыгыңа колдонууга жол бербейбиз!

Мен ар бир нарындык Грузияда эс алуусун каалайм!

Ошол үчүн арыдан бер бол!”- деп жазды.

 

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button