Коом
Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыктан үч адамдын өмүрү кыйылды

Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталып, үч адам мерт болгонун ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, каргаша 27-мартта саат 12:50лөр чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол жолундагы Чырпыкты айылынын тушунда болгон.
«Анда Санэпидемборбордун кызматтык унаасы менен Daimler-Chrysler D312 үлгүсүндөгү автокөлүк кагышып, үч адамдын өмүрү кыйылган. Анын бири айдоочу, экөө бир автоунаадагы жүргүнчүлөр болгон», — деп айтылат маалыматта.
Кырсыктан жабыркагандар да бар экени айтылды. Азыркы учурда автоунаалар айып короого токтотулуп, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. ЖКККББ айдоочуларды жолдо этият болуп, эрежени сактоого чакырды.



