«Евро 5» күйүүчү майы Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизет

Жыл жаңырганда эле КР Экономика министрлиги быйыл Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 15 сомго чейин кымбаттарын айткан эле. Анын себебин, ЕАЭБдин талаптарына байланыштырган. Өлкөдө күйүүчү майдын кымбатташы коомдогу карапайым элди азыркыга чейин убайымга салууда. Бул тууралуу жаш экономист Гүнура Күчүк кызы жеке пикирин билдирди.

«Кыш мезгилинде борборубуз Бишкек шаарын каптаган ыш элди тынчсыздандырууда. Ыштын келип чыгышына себепкер шаардагы автомобилдердин көптүгү деп бир беткей айтылып, ошондон улам «Евро 5» стандартындагы майды алып келүү сунушу түшүүдө. Бирок, шаардын ышка толушун бир беткей карабай, себептерин изилдеш керек. Эң биринчи ЖЭБ жана жаңы конуштарды газификациялоо керек. Өзүңүздөр билгендей, шаар ичи кышкысын бир топ эле абасы булганып, капкара туманга айланат.
Анын себептери: Бизде эмне көп? Унаалар көп албетте, ар бир үйдө экиден унаалар бар. Бул бир себеби. Экинчи себеби: ЖЭБтен жана жаңы конуштардан чыккан түтүн. Ушул үч себептен улам аба булганууда.
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин өлкө «Евро 5» стандартындагы күйүүчү майды гана пайдаланат деген, техникалык регламентке кол койгон. Бирок, кыргыз тарап 2019-жылдын августунан тартып ишке кирүүчү бул эреженин мөөнөтүн бир жылга узартууну өтүнүп, Евразиялык комиссияга кайрылган.
Бирок,азыркы тапта биздин экономикабыз бир кыйла солгундап жаткан учурда, Евро 5 майын алып келүү элге бир топ кыйынчылык туудурат. Майдын кымбатташы менен азык-түлүк жана башка турмуш тиричилигине болгон баалар өсөт. Ансыз да азыркы тапта азык-түлүктөр күндөн-күнгө өсүүдө, дагы өссө элдин жагдайы, карапайым калктын абалы бир аз солгундай түшөт.
Бирок, ошол эле учурда албетте, «Евро 5″ майынын келүүсүнүн жакшы да тарабы бар. Мисалы: Россия 2016-жылы эле өткөн. Албетте, ал өлкөлөрдүн экономикасы бизден кыйла жогору. Кыргызстанга бул май келсе жакшы болмок, бирок биздин экономикабыз ага азырынча даяр эмес. Майдын арты менен баары кымбаттайт, анда элдин айлык маянасын, пенсия, жөлөк пулдарын да көбөйтүш керек. А мамлекетте аларды көбөйтүүгө бюджеттин алы жетпейт. Андыктан бул майды Кыргызстанга алып келүүдөн мурда өзүбүздүн экономикалык абалыбызды да карашыбыз керек»,- деди.
Даярдаган Нурзат Акматалиева