Коом

Кримтөбөл Камчы Көлбаев сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду

Бүгүн, 2-мартта Бишкек шаардык сотунда Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) баш коргоо чарасы каралды. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаардык сотунун чечими менен Көлбаевдин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сыртка чыкпоо тил катына өзгөртүлдү.

Буга чейин Биринчи май райондук сотунун 17-февралдагы токтому менен Камчы Көлбаевге карата баш коргоо чарасынын мөөнөтү 2021-жылдын 22-мартына чейин узартылган. Ал №47 мекемесинде кармалып келген.

Эскерте кетсек, Камчы Көлбаев 21-октябрь күнү Бишкектеги фитнес-клубдардын биринде кармалган. Ал Жазык кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү («Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышу») боюнча шектелүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button