Ысык-Көлдө УКТнын мүчөсү опузалоо кылмышына шектелип кармалды

Июль айынын орто ченинде Ысык-Көл районунун Бостери айылынын 45 жаштагы тургуну Ысык-Көл ОИИБге арыз менен кайрылып, Бостери айылынын айрым тургундары, 2022-жылдын январь айынан бери, аны коркутуу жолу менен опузалап, ага тиешелүү болгон Бостери айылынын аймагынын көл жээгинде жайгашкан 0,53 гектар жер тилкесин Н.Э. аттуу жарандын наамына өткөрүп берүүсүн талап кылышып, анын өмүрүнө коркунуч келтирип жаткандыгын билдирген.
Арыз Ысык-Көл ОИИБдин КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 208 беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББдин Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча УКККБдин, Ысык-Көл ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери, Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын кызматкерлеринин көмөктөшүүсү менен жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын өздүктөрүн аныкташып, колго түшүрүштү.
Алар Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын каттосунда УКТ мүчөсү катары каттоодо турган Ысык-Көл районуна каршатуу Бостери айылынын тургундары 36 жаштагы. Ө.А., 37 жаштагы Ж.У. жана 36 жаштагы И.Б. болуп чыгышып, Ысык-Көл ОИИБдин тегөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Алдын ала суракта шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышты жана Каракол шаардык сотунун чечими менен аларга карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Учурда тегөө амалдары уланууда.
Ысык-Көл ОИИБ жарандарга кайрылат, эгерде жогоруда аталган жарандардын укукка каршы аракеттеринен жабыр тарткандар бар болсо, Ысык-Көл ОИИБге кайрылууңуздарды, же 102, 03922 5-45-50, 0701054550, 0705755001 телефон номерлер боюнча билдирүүңүздөрдү суранат.



