Окуялар

Ысык-Көлдөн кыз ала качып кеткен жигит кармалды

Бишкек шаарында кызды ала качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде болжол менен саат 23:40 чамасында 102 кызматына эркине каршы кызды ала качып кетишкен деген маалымат келип түшкөн.

«Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1996-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсин эркине каршы чала тааныш жаран достору менен Ыссык-Көлдөн никеге туруу максатында Бишкек шаарына ала качып келгенин жазган.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган жаран кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды», — деп жазылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button