Коом

2023-жылы мамлекеттик ипотекалык компаниясына 4,2 млрд сом каржыланган

Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасын ишке ашырууга жана «МИК» ААКтын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында 2023-жылы бюджеттен 4 260,8 млн сом бөлүнгөн.

Каражаттар төмөнкүлөргө багытталган:

— Германиянын KfW өнүктүрүү банкына мамлекеттик карызды конверсия аркылуу биринчи транш менен 500,0 млн сом;

— Германиянын KfW өнүктүрүү банкына мамлекеттик карызды конверсия аркылуу экинчи траншка 469,05 млн сом;

— уставдык капиталды көбөйтүүгө 2 216,8 млн сом. Бул каражаттар турак жайларды курууга жумшалды — Скрябина көчөсү, 45 дарегиндеги 15 кабаттуу үй; Айтматов көчөсү 102/1 18 кабаттуу үй; Маликова көчөсү 91 (ТК-47) 28, 24, 18 кабаттуу үйлөр;

— «МИК» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө КР Президентинин Фондунан 75,0 млн сом Жалал-Абад облусунун УКМК кызматкерлерине турак жай сатып алуу үчүн (КР Президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 181-т);

— Жалал-Абад шаарында турак жай комплексин курууга (КР Президентинин 2023-жылдын 16-ноябрындагы жана 29-декабрындагы No 222-т) «ГИК» ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө Стабилдештирүү фондунан 1 000,0 млн сом.

Мындан тышкары, КРМКнын чечимдерине ылайык, коомдун уставдык капиталына салым катары

1 011,5 млн сом суммасында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр которулган.

Анын ичинен:

  — 1 008,6 млн сом суммасында кыймылсыз мүлк (квартиралар, жер участоктору);

  — 2,9 млн сом суммасында кыймылдуу мүлк (электромобиль).

Белгилей кетсек, «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020», «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасы ишке ашырылгандан бери 8868 адамга 14 625,9 млн сом ипотекалык насыя берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button