Коом

Эки аптада 34 тоннадан ашуун ата мекендик айыл чарба продукциясы экспортко чыгарылды

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери республиканын чек арасында жана аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-апрелинен 16-апрелине чейин 34070,23 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы экспортко чыгарылган.

ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, товарларга текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон продукциянын үлгүлөрү алынды, ташуу шарттары жана сактоо эрежелери сакталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button